Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Шаар күнүн майрамдоого катышып, калаанын райондорунда өткөрүлүп жаткан бир нече иш-чараларга барды.


Ленин районунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын имаратынын алдында кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти уюштурулду, ошондой эле, колдонмо чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү көрсөтүлүп, этно-шаарча курулду.


Свердлов районунда Жеӊиш аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын артисттеринин катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлдү.


Калаанын Биринчи май районунда Эски аянтта спортчулар спорттун: тэквандо, стол тенниси, ушу, оор атлетика жана армреслинг түрлөрүн көрсөтүштү.


Октябрь районунда Ата-Түрк атындагы сейил багында балдар музыкалык мектебинин тарбиялануучуларынын жана «Таберик» ансамблинин катышуусунда «Менин сүйүктүү шаарым» майрамдык концерт өткөрүлдү.


Шаардык муниципалитет 50 гө жакын оюн-зоок жана спорттук иш-чараларды уюштурду.


Майрамдын урааны: «Бишкек – түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн шаары!»

 

Свердлов  району

Биринчи май району

Ленин району

Октябрь району