Шаар өз ишин улантууда. Бүгүнкү күндө "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ("БПАТП" МП) балансына 476 бирдик автобус кирет.

Алардын ичинен “Ясинь” маркасындагы 402 автобус бар, андан сырткары:

• Евро 2 - 147 автобус, 2008-жылы чыгарылган, баасы 1,1 млн сом насыянын негизинде;
• Евро 3 - 2009-жылы чыгарылган 255 автобустун баасы 1,7 миллион сом, гранттын жардамы менен сатылып алынган;
• "Кинглонг" автобустары - 2016-жылы чыгарылган 10 даана, Үрүмчү шаары тарабынан белекке берилген;
• «Ман» автобустары - 3 даана, 1980- жылы чыгарылган;
• "Лиаз" автобусу - 1 даана, 2004- жылы чыгарылган;
• «Ютонг» автобустары - 60 даана, 2019- жылы чыгарылган.

Бирок, 8-апрелге карата 140 автобус иштөө абалында, анын ичинен 103 автобус линияга чыгып жатат.

Узак мөөнөттүү оңдоолорду 156 автобус күтүүдө, кыска мөөнөткө оңдоо үчүн - 40 автобус, 140 автобус эсептен чыгарылууга тийиш.

Белгилей кетсек, базадагы техникалык ресурстары түгөнгөн автобустарды эсептен чыгаруу долбоорун  Бишкек шаардык кеңешинин  кароосуна киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Евро 2 жана Евро 3 автобустары 2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан 200 миллион сом насыянын эсебинен сатылып алынган. Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 4-августундагы "Ири көлөмдөгү жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга чыгымдарды каржылоо жөнүндө" буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын казынасынын аймактык башкармалыгына Бишкек шаарынын мэриясынын облигацияларын жайгаштыруудан түшкөн 200 миллион сомду "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын эсептешүү эсебине, жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн которуу тапшырылды. 2008-жылдын 4-августунда Бишкек шаарынын мэриясы менен "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын директорунун ортосунда насыя келишими бар, насыя каражаттары жылдык 7% үстөгү менен 6 жылдык мөөнөткө которулган.

Өз кезегинде, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасыны экономикалык ишмердүүлүгүнө байланыштуу карызды төлөй алган жок, буга байланыштуу 214,0 млн сом суммасындагы каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнгөн.

Бүгүнкү күндө "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын шаардык бюджетке карызы бар.

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынынын Кустанай көчөсү, 121 жана 7-апрель көчөсү 4 даректеринде колдонулуп жаткан эки автобазасы бар.

2021-жылдын биринчи кварталында 135 каттам боюнча коомдук транспорттун чыгышы орто эсеп менен 1400 жүргүнчү ташуучу бирдикти түздү.