Бишкекте эмен бактарын миналачу таарыгыч курттардан коргоо иш-чаралары башталды.

Иш-чараны "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы энтомологдорунун бири Иван Хегай менен биргеликте жүргүзүүдө.

Бул иш-чаралар эмен дарактарына акыркы жылдары зыян келтирип келген миналачу таарыгыч курттардан коргоого багытталган.

Эмен бактарын вакцинациялоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: Препарат көп колдонулуучу ийне-автоматтын жардамы менен бактын кабыгына сайылат. Натыйжада сайылган дары бак-дарактын тамырларына тарап, ал аркылуу анын сөңгөгүнө азыктандыруучу заттарды, сууну жана препараттын өзүн жеткирет. Атайын иштелип чыккан таблицага ылайык, препараттын дозасы бак-дарактын сөңгөгүнүн диаметрине жараша эсептелет.

Вакцинация процессинен кийин дарак тезирээк калыбына келиши үчүн инъекция болгон жерди атайын паста менен сүйкөп коюшат.

Белгилей кетсек, эмен дарактарын дарылоодо чачыратуу ыкмасы ылайык келбейт, анткени миналачу таарыгыч курту жашыруун жашаган мите курт болуп саналат. Андыктан адистер тарабынан бакты дарылоонун зыянсыз жолдору каралды.

Бак-дарактарды эмдөөдөгү инъекциялык ыкма Москвада, Санкт-Петербургда жана башка ири шаарларда колдонулуп келет.