Көпчүлүк адамдар борбор калаанын мэриясынын жашыл чакырыгын жакшы кабыл алып,  көчөттөрдү отургузууну каалаган жарандар жана уюмдар көбөйдү.

Борбор калаанын вице-мэри  Айжан Чыныбаева «Мастерская счастья» клубу менен биргеликте "Кара-Жыгач" жаңы конушун жашылдандыруу иштери менен алектенди.

Анкара жана Виноград көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Алтын-Ордо” сейил багына 250гө жакын көчөттөр отургузулду.

«Мастерская счастья» клубу шаарга 143 көчөттү, анын ичинде кайың, каштан, липаларды белекке берди. Мындан тышкары, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы 100 катальпанын көчөттөрүн отургузду.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын шаарды жашылдандырууга кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирет.