Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Шаардын коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат.

Бүгүн, каттамга 1044 жүргүнчү ташуу транспорту чыкты, анын ичинен: автобустар - 73, троллейбустар - 111, кичи автобустар - 860.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Маска кийип, колуңузду таза кармап, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Суроолорду же даттанууларды мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары аркылуу күнү-түнү  кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.