Урматтуу шаар тургундары!  Жай мезгилине даярдануу максатында «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алуучу жайларында жана шаардын суу түтүктөр тармагында оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Эртең 13-апрелде саат 9-00дөн кечки саат 22-00гө чейин Жунусалиев, Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космическая көчөлөрүндө, «Жумушчулар шаарчасы», Айыл чарба институту райондорунда, ошондой эле «Ак-Өргө», «Ак-Ордо»  (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), «Теңир-Тоо» (Ахунбаев көчөсүнүн төмөндү карай) конуштарында ичүүчү суу менен камсыздоо убактылуу токтотулат.

Суунун өчүрүлүшүнө байланыштуу “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы  №5 мончо-кир жуугуч комбинатынын жана №141 бала бакчанын ишин убактылуу токтотот.  

«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы жана “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт. Шаар тургундарына ичүүчү сууну керектүү өлчөмдө камдап алуусун эскертет.  

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 1533 - бул жарандардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, 1840 жана 1850 номурлары борбордук мэриянын колл-борбору күнү-түнү иштейт, көйгөйлөр бар фото жана видео фактыларды WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.