Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери Катар эл аралык кайрымдуулук фондунун («Катар Черити») өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда оор турмуштук кырдаалга кабылган шаар тургундарына көмөк көрсөтүүгө багытталган биргелешкен долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Рамазан айында Катар кайрымдуулук фонду 5000 шаар тургунуна ысык тамак берет. Алар кызыл зонада иштеген дарыгерлер, тез жардам бригадалары, мобилдик топтор, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын учетунда турган жалгыз жашаган пенсионерлер менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2021-жылдын 13-апрелин Рамазан айынын башталышы деп жарыялады.