Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төрагалагы астында кирешелер боюнча штабдын отуруму болуп өттү.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча салык кызматынын өкүлдөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) кызматкерлери жергиликтүү бюджеттин салык жыйымдарынын түрлөрү боюнча киреше бөлүгүнүн  2021-жылдын I кварталына карата аткарылышынын райондук көрсөткүчтөрүн карашты.

Жыл башынан бери киреше бөлүгүнө 450,9 миллион сом салык төлөмдөрү жана жыйымдары түштү, муну менен пландалган 438,3 миллион сомдон ашык каражат чогултулуп, планды аткаруу 102,9 пайызды түздү.

Салык кызматына кыймылдуу мүлккө жана жеке такси унааларына карата салыктарды чогултуу жана салыктардын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга багытталган чараларды кабыл алуу сунушталды.

Салык жыйымдарын өз убагында төлөгөн ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз!