Марттын аягында борбор калаада COVID-19га каршы эмдөө башталган. Эки жумада 360ка жакын адам эмдөөдөн өттү, алардын 295ү медициналык кызматкерлер, 20дан ашуун борбор калаанын мектептеринин мугалимдери, карылар, 65 жаштан ашкан адамдар жана аскер кызматкерлери.

Белгилей кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору аркылуу кытайлык өндүрүүчү Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd компаниясынын инактивацияланган  «Синофарм» вакцинасы 150 миң дозада  алынган. Эмдөө 25-28 күндүн аралыгында эки жолу жүргүзүлөт. Бул вакцина менен эмдөөдөн кийин терс таасирлер байкалган жок.

Эмдөө төмөнкү этабдар менен жүргүзүлөт.

Эмдөөнүн алгачкы этабында жогорку тобокелчиликтеги зонада турган калктын тобу: 65 жаштан улуу улгайган адамдар, медициналык кызматкерлер, жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдору жана персоналы, аскер кызматчылары жана башкалар;

•Экинчи этапта өнөкөт оору менен ооруган жарандар;
•Үчүнчү этапта, калктын социалдык аялуу катмарына жана кошумча каалочуларга эмдөө жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, борбордо эмдөө бөлмөлөрү төрт райондун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборуна, Ленин районунун №2 Үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Биринчи май районунун №7 Үй-бүлөлүк медицина борборуна жайгаштырылды. Эмдөөдөн кийин бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган. Дарыгерлер үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү.

Эмдөөдөн мурун маалыматтык макулдук баракчасы толтурулуп, дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, вакцина жана анын терс таасирлери жөнүндө маалымат берилет, ошондой эле ар бир жаранга вакцинанын убактысы жана дозасы жөнүндө маалыматты камтыган эскерүү жана кийинки эмдөөнүн датасы белгиленген карточка берилет.

Вакцинациялангандар тууралуу бардык маалыматтар бирдиктүү маалымат базасына киргизилген.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр:

•оорунун курч түрү жана ПЧР-изилдөөнүн оң жыйынтыгы бар адамдар;
•анамнез оор аллергиялык реакциялары бар адамдар;
•кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;
•18 жашка чейинки балдар;
•1-вакцинаны алганда аллергиялык реакция катталгандар (анафилактикалык шок, конвульсиялык синдром, ысытма).

Вакцинацияга тиешелүү бардык суроолор боюнча МСЭКБнун иммунопрофилактика бөлүмүнө: 546521, 546104 кайрылсаңыздар болот.