"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери тарабынан былтыр күзүндө отургузулган жоогазындар борбор калаадагы гүлзарларга гүлдөй баштады.

Жазгы гүлдөрдүн түрлөрү шаардыктарды түстөрү жана сорттору менен кубандырат. Жалпысынан быйыл борбор калаанын гүлзарларында 130 миң жоогазын гүлү пайда болду.

Эске салсак, былтыр жазында шаардыктар жоогазындардын ачылышын онлайн режиминде көрүүгө аргасыз болушкан. Бактыга жараша, быйыл биз бардык санитардык эрежелерди сактоо менен, сулуулуктан толук ырахат алабыз.

Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин, түбү кылдаттык менен казылып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан отургузулат.

Урматтуу шаардыктар! Гүлдөргө, шаарга этият мамиле кылууңуздарды жана гүдөрдү уурдап жаткандарга күбө болуп калсаңыздар милицияга кайрылууңузду суранабыз: 102.