Шаар өз ишин улантууда. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол инфраструктурасын жакшыртууда.

Шаардын бардык аймагында тосмолорду жана жолдун бордюрларын сырдоо иштери башталды. Так ушул тапта Байтик Баат көчөсүн Чүй проспектисинен А.Токомбаев көчөсүнө чейинки жээктерди жөнгө салып жатабыз. Кечээ, Ч.Айтматов / Манас проспектисинде Семетей көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү бүткөрүлдү.

Ошол эле учурда Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жаңы аялдама орноттук.

Ошондой эле жолдордо жана аялдамаларда агынды сууларды кабыл алуучу торчолорду орнотуп жатабыз. Эки жуманын ичинде биз 37 торчону  калыбына келтирдик.

Мындан тышкары, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан линиясы боюнча жолдорду капиталдык оңдоо жана жамоо иштери уланууда.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкекасфальтсервис" МИнин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылууларжы  (сүрөт жана видео) WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот: 0550 888162.