12 футболдук клубдардын арасында Ленин районунун акиминин кубогу үчүн таймаш аяктады.

2010-2012-жылы туулган жаш бишкектиктер катышты.

Жеңүүчүлөр:
1-орун: "Арча-Бешик" ФК;
2-орун: "Алай" ФК;
3-орун: ФК Дордой;
4-орун: "KG SPORT" ФК.

Ленин районунун акими Мелис Өскөмбаев бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, жогорку спорттук ийгиликтерди каалады. Жеңүүчүлөр кубок жана медалдар менен сыйланышты.

Эске салсак, турнир Жал кичи районундагы №95 мектеп-гимназиясынын  окуу-тарбия комплексинин базасында 13-мартта башталган.

Иш-чараны Ленин райондук администрациясы жана мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурду.