Урматтуу шаардыктар, ишкерлер!

Борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жана Билим берүү башкармалыгынын суранычы боюнча, Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы билим берүү мекемелеринин көмүр менен иштеген от казандарын газга өткөрүү боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине сынак жарыялайт:

• №12 бала бакча;
• №23 мектеп;
• №35 мектеп;
• №15 мектеп;
• №54 мектеп;
• №59 мектеп;
• №32 мектеп;
• Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору.

Жумуштун сметалык баасы 6 миллион 198 миң 875 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.

Урматтуу катышуучулар! Сынактын кеңири маалыматы бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg