Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жана шаардыктарды санитардык нормаларды бузуучулардан коргоо боюнча ишин улантууда.

Биргелешкен мобилдик топтор: шаардык транспорт башкармалыгынын, троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын адистери, Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгы, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциясы менен биргеликте коомдук транспорттордун ичинде санитардык эрежелердин сакталышын күн сайын текшерүүдө.

Санитардык текшерүүлөр, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө  түшүндүрүү иштери адам саны көп болгон аялдамаларда жүргүзүлүүдө.

Эки ай ичинде 1036 унаа текшерилип, айып пулдун көлөмү 191миң 500 сомду түздү.

Белгилей кетсек, санитардык текшерүүлөрдүн максаты –  айып пул салуу эмес, бул шаардыктарга маска режимин, аралыкты сактап, колду дезинфекция кылууну эскертүү.

Биринчиден, пандемиянын шарттарын бузгандарга эскертүү берилет, ал эми экинчи жолу кайталанса, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлөт.