Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! 14-апрелден баштап Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында Өмүракунов көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин жол иштерин баштоо пландаштырылууда.

Буга байланыштуу троллейбус каттамдары убактылуу өзгөрүлдү:

• Буга чейин “Тунгуч” кичирайонунан “Ак-Өргө” жаңы конушуна чейин каттаган №7- троллейбус каттамы убактылуу  "Тунгуч" - Эт комбинаты маршруту боюнча каттайт, линияга 14 троллейбус 7-8 мүнөттүн аралыгы менен чыгат.
• Чыгыш Автовокзалынан “Ак-Өргө” жаңы конушуна чейин каттаган №8- троллейбус каттамы эми Чыгыш Автовокзалынан Айыл чарба Институтуна  чейинки аралыкта убактылуу каттайт, линияга 12 троллейбус 8-9 мүнөттүн аралыгы менен чыгат.

Урматтуу шаардыктар! Бул убактылуу чаралар, жол иштери аяктаган соң каттамдар калыбына келтирилет.

Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз, жолго чыгаарда алдын-ала каттам тандап алууңузду өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Шаардык троллейбустардын иштешине байланыштуу суроолор боюнча “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы: 0700411905 номуру аркылуу ар дайым жооп берүүгө даяр.