Шаар өз ишин улантууда. 2021-жылга карата курулуш долбоорлорунун титулдук тизмесине ылайык, “Имараттар жана курулмалар” бөлүмүнүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы  дагы эки объектинин долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялайт.

Билим берүү башкармалыгынын тапшырыгы боюнча Токтогул көчөсү 220 дарегиндеги, №68- мектептин аймагындагы спорт залы жана спорттук секциялары бар имараттын долбоорлоо-изилдөө иштерине сынак жарыяланат.

Сметалык баасы 918 миң 176 сомду түзөт.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын тапшырыгы менен капиталдык курулуш башкармалыгы Токтоналиев көчөсү 62  дарегинде гандбол аянтчасынын долбоорлоо-изилдөө иштерин сынак жарыялайт. Долбоордун баштапкы наркы 1 миллион 169 миң 748 сом.

Эки долбоорду тең курулушу шаардын бюджетинен каралган.

Урматтуу катышуучулар! Сынактын кеңири маалыматы бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg