Урматтуу шаардыктар! Жай мезгилине даярдануу максатында “Запад-2” суу алуучу жайында жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 15-апрелде саат 09:00дөн кечки 21:00гө чейин Жибек- Жолу, Манас проспектилери, темир жол линиясы жана Ала-Арча дарыясы менен чектелген аймакта ичүүчү суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт, анын ичинде: М.Ганди бульвары Баялинов көчөсүнө чейин; Журнал көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Күрөңкеев көчөсүнө чейин; Мичурин көчөсү; ошондой эле Ала-Арча дарыясынын квадратында, Осташковский, Москва көчөлөрүндө жана Ден Сяопин проспектисинде.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланыштуу бардык суроолор боюнча 1533 кыска номерине чалыңыздар. Бул шаардыктардын  кайрылууларын жана арыздарын кабыл алган  бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары күнү-түнү кайрылууларды кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.