Биринчи май акимиаты шаардыктар менен ар дайым байланышта.

Бир жума бою район башчысы жана анын орун басарлары шаар тургундары менен жолугушууга даяр.

Эми шаардыктар үйлөрүнүн, көчөлөрүнүн жана кварталдарынын маселелерин жеке кабыл алууларда тез чече алышат, жолугушуулар иш күндөрү, дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин, саат 14:00- 16:00 аралыгында өткөрүлөт.

Район башчысы Максат Нусувалиев шаршемби күнү тургундарды кабыл алат, башчынын биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков дүйшөмбүдө жеке кабыл алууну өткөрөт, социалдык маселелер боюнча Аида Рысбаева шейшемби күндөрү, турак жай-коммуналдык чарба боюнча Мавлян Аскарбеков - бейшемби күндөрү шаардыктарды күтөт.

0 (312) 32-51-60 номерине чалып, жолугушууга жазылып, толук маалымат ала аласыздар.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Санитардык эрежелерди сактап, бет кап тагынып, антисептик менен колуңузду тазалап, аралыкты сактаңыздар.