Урматтуу шаардыктар! Бизде жакшы жаңылыктар бар!

Азыр "Театралный" сейил багында кайрадан музыкалык симфония жаңырууда. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пианино орнотушту, демек, суук аба ырайы артта калды.

Кышында биз музыкалык аспапты ишкананын кампасында кылдаттык менен сактап, күн жылыганда шаардыктарга тартуулап жатабыз.

Аспап кароодон өтүп, күүлөнүп, музыкалык маанай менен конокторду кубандырууга даяр болду.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалдык менчикке жана шаарга жакшы кам көрүүңүздөдү суранабыз. Эгерде сиз тартиптин бузулгандыгына күбө болсоңуз, анда дароо милицияга кайрылыңыздар: 102.