Борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков менен борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаеванын ыктыярдуу кыймылдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.                                             Муниципалитеттин аянтчасында мамлекеттик, шаардык кызматтар жана жарандык коомдун COVID-19 жана пневмония учурунун саны көбөйгөн мезгилде натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулаган аянтча уюштурулган.

А.Новиков белгилегендей, учурда ооругандардын саны көбөйүп жатат, бирок эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, ооруканаларда орундар бар, дары-дармектердин, медициналык шаймандардын жана ЖККнын запасы бар. Ошондой эле, ал ыктыярдуу кыймылдан өз алдынча  иш-аракеттерди көрбөөнү суранды, кайталанма көрүнүштөрдү жоюу жана шаар тургундарына натыйжалуу координацияланган жардам көрсөтүү аракеттерин бириктирүү керек.

Бардык волонтердук уюмдарды Бирдиктүү реестрге чогултуу, ыктыярчылардын ишин координациялоо боюнча шаардык штаб түзүү сунушталды.

Натыйжалуу иштөө үчүн вице-мэр А.Чыныбаева ыктыярчыларды 4 командага бөлүүнү сунуштады: медициналык ыктыярчылар, кызыл зоналардагы жардамчылар, айдоочулар жана гуманитардык жардамды таратууга жооптуу адамдар.

Медициналык билими бар ыктыярчылар үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан окутуучу тренингдер өткөрүлөт.

Гуманитардык жардам боюнча ыктыярчылар шаардык мэрия менен түздөн-түз иштешет. Социалдык өнүгүү башкармалыгында катталбаган, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүү сунушталды.

Ыктыярдуу айдоочулар үчүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун кызматкерлери ыкчам ташуу менен алектене турган уюмдардын тизмесин түзүүнү, айласыздан жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду эсептен чыгаруу жол-жобосун андан ары жөнөкөйлөтүү сунушталды.

А.Новиков белгилегендей, азыркы учурда алдыңкы катарда б. а. поликлиникалардын (ҮМБ) иштерине басым жасалууда, Ковид-19 илдетин жуктурган оорулуулар менен иштөөнүн жаңыланган алгоритми иштелип жатат.

Урматтуу шаардыктар! Кабатыр болбоңуздар! Бул COVID-19 жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны күчөп кеткен учурда алдын-алуу чаралары. Учурда эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө жана ар бирибизден көз каранды. Биз санитардык эрежелерди сакташыбыз керек: бет кап тагынып, колубузду жууп, аралыкты сактап жана албетте ден-соолугубузду, иммунитетибизди чыңдап, спорт менен машыгышыбыз керек. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!