“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмен бактарын таарычыл зыянкечтерден дарылоо иштерин улантууда.

15-апрелде Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги аймактарда, ошондой эле Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гүл бакчада эмен бактарын дарылоо иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чара акыркы жылдары таарычыл зыянкечтерден зыян тартып келген эмен бактарын коргоого багытталган.

Дарылоо иштери төмөнкүдөй жүргүзүлүүдө: препарат көп жолу колдонулуучу атайын ийне–автомат аркылуу бактын кабыгынын алдына сайылат. Препарат андан ары, азык болуучу заттарды, нымды жана дарынын өзүн сөңгөк аркылуу жеткире турган, бактын ички тамырлар системасы аркылуу тарайт.

Атайын иштелип чыккан таблицага ылайык куюлуучу дарынын өлчөмү бактын сөңгөгүнүн диаметрине жараша болот.

Дарылоо иштеринен кийин эмен багы бат өз калыбына келиши үчүн инъекция куюлган жер жасалма кабык менен жабылат.