Шаар ишин улантууда. Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев "Арча-Бешик" конушуна көчмө жыйын өткөрүп, Шералиев көчөсүнүн Бердибаев көчөсүнөн Ойсул –Ата көчөсүнө чейинки канализация тутумунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Аким куруучулардан курулуштун  сапатына өзгөчө көңүл бурууну суранды, ошондой эле кызматтарга мурда бекитилген долбоорлорду, графикти жана өндүрүш планын так сактоону тапшырды.

Белгилей кетсек, ошол эле учурда башка көчөлөрдө канализация тутумунун курулушу жүрүп жатат:

-Бердибаев көчөсү  Садыбакасов көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейин;
-Бердибаев көчөсү  Шералиев көчөсүнөн Миң-Куш көчөсүнө чейин;
-Ойсул-Ата көчөсү  Шералиев көчөсүнөн Миң-Куш көчөсүнө чейин;
-Айылчиев көчөсү   Бердибаев көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
-12-көчө Абдрахманов көчөсүнөн 18-көчөгө чейин.

Курулуш иштерин  "Интер Планета" бөлдрөтчү компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен жүргүзүүдө.

Куруучулар жумушту жайдын башталышына чейин бүтүрүүгө убада беришти.