Урматтуу шаардыктар, "Рухий-Мурас" жаңы конушунун тургундары! Анкара көчөсүндөгү "Рухий-Мурас" конушуна жаңы мектептин курулушуна сынак жарыялай тургандыгыбызды билдиребиз.

Жаңы билим берүү уюму 700 орунга ылайыкташтырылган. Долбоордук-сметалык документация толугу менен бүткөрүлдү.

Жаңы жалпы билим берүү уюмунун курулушунун сметалык баасы 156 миллион 126 миң 672 сомду түздү. Каржылоонун булагы шаардын бюджети.

Тендер шаардык мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  аркылуу өткөрүлөт.

Урматтуу катышуучулар! Тендер жөнүндө толук маалымат жана техникалык тапшырма бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: http://zakupki.gov.kg