Урматтуу шаардыктар, ишкерлер!

Борбор калаанын мэриясы шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү менен,  билим берүү мекемелерин кийинки жылытуу мезгилине даярдап жатат.

"Бишкекжылуулукэнерго"  коммуналдык ишканасы жана Билим берүү башкармалыгынын талабы боюнча, Капиталдык курулуш башкармалыгы №19 мектеп үчүн газ казанынын курулушуна тендер жарыялайт, иштеп жаткан көмүр от казаны резервдик болуп калат.

Жумуштун сметалык баасы 16 миллион 181 миң 74 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.

Эске салсак, жакында Капиталдык курулуш башкармалыгы  7 билим берүү уюмдарында жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир реабилитациялык борбордо көмүр менен иштөөчү буу казандарын газга өткөрүү боюнча долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча сынак жарыялаган.

Урматтуу катышуучулар! Сынактын кеңири маалыматы бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg