Шаардык муниципалитет санитардык эрежелердин сакталышы боюнча чарба субьектилерин текшерүү иштерин улантууда.

Райондук акимиаттын базасында   акимиаттын, Бишкек шаарынын МСЭКБнын, ИИБнын кызматкерлери, СЭИ инспекторлору жана МАБ өкүлдөрүнөн куралган мобилдик топ күчөтүлгөн тартипте жөө кыдыруу менен  иш алып барууда.

Мобилдик топ тарабынан14 ишкердик субьектер анын ичинен: ири соода-көңүл ачуучу жайлар, кинотеатрлар, кафе, супермаркет жана гипермаркеттер текшерилди.

Тилекке каршы, жарандар милдеттүү түрдө беткап тагынууну жана аралыкты сактоо коопсуздугун сактабагандыгы аныкталды.  Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан 92 миң сом өлчөмүндө 25 протокол түзүлдү.

Ошондой эле, КРнын диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы РИИБ, Мамлекетик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, үй бүлөлүк медицина борборлору, МАБдар менен биргеликте мечит, медресе, чиркөө, намазкана,  диний мекемелердин ишмердиги боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Белгилей кетчү нерсе, Биринчи май районунда жалпы 75 диний уюмдар жана конфессия иштейт, анын ичинен: 11 мечит, 45 намазкана, 2 медресе, 3 чиркөө,  2 иогова коомчосу, 12 башка христиан жана католик кыймылы бар.

Санитардык текшерүү иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден санитардык эрежелерди сактоону абдан суранабыз! КОВИД-19 жана өпкө кагыны оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Беткап тагынгыла, тазалыкты жана аралыкты сактагыла. Өзүбүздү жуктуруп алуудан  коргойлу.  Ар бирибиз өзүбүздү жана жакындарыбызды сактайлы!