Бишкек шаарынын мэриясы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  "Ак-Босого" жана "Арча-Бешик" конуштарына канализация тартуу үчүн инженердик тармактарды курууга тендер жарыялайт.

Ак-Босого конушунда  Архитектор көчөсүндө Чүй-15 көчөсүнөн жаңы конуштун батыш тарабынын аягына чейин канализация тартуу пландалууда. Жумуштун сметалык баасы 387 миң сомду түзөт.

"Арча-Бешик" конушунда төшөө иштери  Арча-Бешик, Набережная көчөлөрүндө жүргүзүлүп, жумуштун баштапкы баасы 16 миллион 678 миң 500 сомду түздү.

Катышуучулар үчүн толук маалымат жана техникалык тапшырма мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат: http://zakupki.gov.kg