Шаар өз ишин улантууда. Ушул жылдын биринчи чейрегинде жеңил салмактагы объектилер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссия 6 отурум өткөрүп, анда 840 маселе каралды.

Комиссия 502 маселе боюнча оң чечим кабыл алып, кошумча изилдөөгө - 191 маселе  калтырылды, 147 суроо боюнча баш тартты.

Комиссиянын чечиминин негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы  тарабынан жалпы аянты 13 миң 896,06 чарчы метрди түзгөн жер тилкелерин ижарага берүү боюнча 502 келишим түзүлгөн, шаардык бюджетке ай сайын алынуучу төлөм 2 млн. 819 миң 486, 89 сомду түзөт.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланганыңыздар үчүн ижара акысын өз убагында төлөп берүүнү суранабыз.

Суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кайрылсаңыз болот, телефон: (0312) 45-42-73.