Шаар COVID-19 пандемиясына каршы күрөштү улантууда. Борбор калаанын коомдук унааларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлдү, беткап кийүү жана колду тазалоо  милдеттүү.

Муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат, акыркы пункттарда транспорттук кабиналар системалуу түрдө желдетилип, нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлөт. Айдоочулар беткап кийишет, ал эми беткапсыз жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдук баада бет кап сатып ала алышат.

COVID-19дан коргонуу өнөктүгүн жеке жүк ташуучу компаниялар да колдонууда. №195 жана №216 маршруттук таксилерди тейлеген "Ника Плюс" ЖЧКнын директору Болот Эркинбаев кичи автобустун айдоочуларына бет кап  берип, жүргүнчүлөрдү дагы унуткан жок.  Эми ар бир жүргүнчү айдоочулардан бет капты   2 сомдон сатып алса болот.

Урматтуу жеке транспорттук компаниялардын өкүлдөрү! Биз сиздерден борбор калаанын маршуттук каттамдарынын  коопсуз ишин уюштурууңуздарды өтүнөбүз, санитардык талаптардын сакталышына көзөмөл жана жоопкерчилик бардык жетекчилерге жүктөлөт!

Урматтуу шаардыктар! Сураныч!  Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Бет кап кийип, колуңуздарды бат-баттан тазалап туруңуздар!  Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!