Турак жай-коммуналдык чарба тармагынын кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча  вице–мэри Жамалбек Ырсалиев «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасына барды.

Ишкананын директору Адил Назаров вице–мэр Жамалбек Ырсалиевге ишканадагы болуп жаткан  жаңылыктар жана акыркы айлардагы  жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Ошондой эле, ишканада эмгектенген жумушчуларга түзүлгөн шарттар бир топ жакшыртылганын белгилеп өттү.

Мындан тышкары, полигон  санитардык коопсуздук үчүн дезинфекциялык каражаттар жана күйүүчү майлар менен камсыздалганы маалымдалды.

Иш-чаранын соңунда  вице-мэр Жамалбек Ырсалиев  «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин куттуктап, кызматкерлердин үзүрлүү эмгек жана кесипкөйлүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди.  Жумушчуларга бекем ден-соолук, ийгиликтерди жана бакубат турмуш каалады.  

Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мэриянын ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Ардак грамоталар менен төмөнкүлөр сыйланышты:
1. Тогузбаев Марат Сабырович(бульдозер айдоочу);
2. Тукуев Канатбек Асекович(диспетчер);
3. Антропкин Николай Федорович(күзөтчү);
4. Алымкулов Алтынбек Токойбекович (жумушчу).

Ыраазычылык баракчалары төмөнкүлөргө тапшырылды:
1. Кадыралиев Русланбек Касымбекович(мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис);
2. Искендеров Нурлан Тойчубекович(жумушчу).

Белгилей кетсек, ишкананын кызматкерлерине кычкыл сүт азыктары, кир-жуучу каражаттар жана атайын кийимдер ар дайым берилет.

Ал эми өзгөчөлөнгөн алдыңкы 4 кызматкерге «Ысык-Ата» пансионатына 10 күндүк жолдомолор берилип турат.

Бишкек – сүйүктүү кесипкөйлөрдүн шаары!