Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” темасы боюнча орус тилдүү кызматкерлер үчүн окуу курстарын өткөрүүдө.

Курстан тышкары,  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бардык муниципалдык кызматчылар үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” темасындагы 3 айлык окуу курстары улантылууда.

Аталган курстарга Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын кызматкерлери катышууда.