Бүгүн, Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунда санарип маммограф аппаратын колдонуу менен, эмчек рагын аныктаган биринчи скринингдик борбор ачылды.

Учурда жабдыктар орнотулуп бүттү, даярдык көрүү иш-чаралары жүргүзүлдү: кадрларды даярдоо, аялдардын арасында текшерүү үчүн тобокелдик топтору түзүлдү.

Жабдууларды борбордун мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы (ШССБ) менен түзүлгөн келишимдин алкагында "Эргене" коомдук фонду белек кылды. Буга чейин, биз бардыгыбыз биргеликте скринингдик борборду техникалык тейлөөгө болгон муктаждыктарды эсептеп чыкканбыз.

Дарылоочу врачтын багыты боюнча маммографиядан өтүүгө болот, кызматтын баасы 500 сом.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы (ШССБ) калаанын территориясында онкологиялык оорулар боюнча абалды туруктуу негизде анализдеп турат.

Бүгүнкү күндө баш калаада 604 253 аял (жалпы жарандардын 55,6%) каттоодо турат. 2020-жылы Бишкек шаарындагы диспансерде рак оорусу менен ооруган 6 160 адам каттоодо турса, анын 4 505 аялдар.

Жарандарга онкологиялык жардам бардык поликлиникаларында көрсөтүлөт.  №1,№2,№6,№7,№8,№11,№18 үй-бүлөлүк медицина борборунда онколог врачтар, №3,№5,№9,№10,№12,№13,№15,№16,№19 – штаттан тышкары онкологдор жана №1,№4,№14,№17 ҮМБда - хирургдар иштейт.

Ошондой эле, онкологдун консультациясын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин УОжГБнун амбулатордук диагностика бөлүмүндө жана стационардык бөлүмүндө алууга болот.

Эске салсак, шаардык бюджеттик медициналык уюмдардын базасында көп жылдар бою маммографтын жоктугунан эмчек рагы боюнча скрининг туруктуу негизде жүргүзүлбөй келген.