Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 14-апрелде борбор калаанын билим берүү мекемелери оффлайн жана онлайн режиминде окуу ишин улантышкан.

Балдардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн дагы үч мектеп: №24чү, №17чи, №67чи онлайн окууга убактылуу өтүүдө.

№24- мектепте 4чү жана 9-класстын эки окуучусунда COVID-19 бар экендиги тастыкталды, алар үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктуруп алышкан.
№17- мектепте 3чү жана 4-класстын эки окуучусу туугандарынан COVID-19 жугуштуу оорусун жуктурушкан.
№67- мектепте бир мугалим ооруп калды.

Белгилей кетсек, 17-апрелде 8 мектеп карантинге жабылган алар: №28, №52, №32, №67, №10, №35, №13, №26, №63.

Онлайн окууда дагы эки бала бакча: №12, №93.

Мындан тышкары, 19 мектепте COVID-19 оорусу катталды, мектептер ишин онлайн түрүндө улантып жатышат, 26 класс онлайн режимине өттү.

Онлайн режимине толук өтүү оорулуу бала же мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, акыркы чечимди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологдору кабыл алышат.