13-апрелде №27- мектептин базасында жыл сайын өтүүчү мектеп окуучуларынын арасында чет тилдери боюнча шаардык олимпиада болду.

Бул жылы 63 мектеп окуучусу катышып, алар кытай, корей, немис жана француз тилдеринде күч сынашты.

Жогорку окуу жайлар жана тил борборлору менен кызматташуунун алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучулары, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Конфуций институту, И.Арабаев атындагы КМУ, АУЦА, Немис тили мугалимдеринин бирлиги жана Кыргыз Республикасындагы корей тили борборунун окутуучулары чакырылды.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
Негизги деңгээлде немис тилин билүү:
Биринчи орун - Бердиева Элнура - №78- мектеп;
Экинчи орун - Колбаева Перизат - №51- мектеп;
Үчүнчү орун - Айжанат Кубанычбекова - №5- мектеп.

Тереңдетилген деңгээлде немис тилин билүү:
Биринчи орун - Абдылдабекова Назик - №23- мектеп;
Экинчи орун - Советбек кызы Айпери - №23- мектеп;
Үчүнчү орун - Насирдинова Айжана - №69- мектеп;
Үчүнчү орун - Абылгазиев Аман - Г. Гмайнер атындагы мектеп.

Негизги деңгээлде француз тилин билүү:
Биринчи орун - Кыдыралиева Арина - №26- мектеп;
Экинчи орун - Акунова Алина - №26- мектеп;
Үчүнчү орун - Уланова Нагима - №24- мектеп.
Тереңдетилген деңгээлде француз тилин билүү:
Бардык байгелерди №26- мектептин окуучулары алышты:
1. Искакова Дарика
2. Калмуратова Алтынай
3. Никитина Каныкей
Негизги деңгээлде кытай тилин билүү:
Биринчи орун - Гу Исель - №66- мектеп;
Биринчи орун - Талантбекова Тахмина - №68- мектеп;
Экинчи орун - Аманзода Мавзуна - №24- мектеп
Үчүнчү орун - Жакыпова Элнура - №68- мектеп.
Тереңдетилген деңгээлде кытай тилин билүү:
Биринчи орун - Кенжебаева Альбина - №6- мектеп;
Биринчи орун - Чолпон кызы Нурзат - №69- мектеп;
Экинчи орун - Карбозова Жасмина - №69- мектеп;
Үчүнчү орун - Жусупакунов Эмир - №95-мектеп.
Корей тили:
Биринчи орун - Замирова Жасмин - №6- мектеп;
Экинчи орун - Нурмаматова Жумагүл - №68- мектеп;
Үчүнчү орун - Бекназарова Айзада - №31- мектеп.

Бишкек шаарынын мэриясы мектеп окуучуларын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт!