Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы  Көк-Жар жаңы конушуна канализация тармагын курууга тендер жарыялайт.

2021-жылга карата курулуш долбоорлорунун титулдук тизмесине ылайык, "Магистралдык канализация тармактарын курууга капиталдык салымдар" беренеси боюнча, "Көк-Жар" жаңы конушунун №20 кварталына канализация тутумун тартуу пландаштырылууда.

Курулуш иштеринин сметалык баасы 18 млн 353 миң 990 сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 5,4 миллион сом каралган, калган каражат 2022-жылы бөлүнөт.

Урматтуу катышуучулар! Тендер жөнүндө толук маалымат жана техникалык тапшырма бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат: www.zakupki.gov.kg