Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары менен ар дайым байланышта.

Жыл башынан бери шаардык муниципалитеттин бирдиктүү терезесине шаардыктардан 1478  кат түрүндө кайрылуу келип түшкөн. Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан 1168 жаран кабыл алынып, коомдук кабыл  алууда 660 арыз ээсине оозеки консультация жана 318 жаранга ишеним телефон аркылуу консультация берилди. Бишкек шаарынын мэриясына бул көрсөтүлгөн мезгил ичинде кайрылган адамдардын жалпы саны 3624 адамды түздү.

Документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кайрылууларга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы төмөндөгү маселелерди камтыйт:
•турак жай жана жер тилкесине муктаждык – 15,5 %;
•материалдык жардам көрсөтүү  боюнча кайрылуулар – 9,4 %;
•турак жай конуштарынын маселелери – 8,2 %;
•жер талаш маселелери – 5,5 %;
•транспорт маселелери – 4,5 %;
•жолдорду куруу жана оңдоо – 4,1 %;
•ТЖКЧ маселелери – 3,9 %.

Шаар тургундарынын кайрылуулары жана сунуштары менен иш жүргүзүүнү жакшыртуу максатында мэр, биринчи вице-мэр, вице-мэрлер, мэриянын аппарат жетекчиси тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу бекитилген график боюнча жана иш тартибинде жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күнгө чейин мэрдин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергенов 27 жаранды кабыл алды. Биринчи вице-мэр, вице-мэрлер, аппарат жетекчиси жалпы 1157 шаар тургундарын кабыл алышты.

Урматтуу шаардыктар! Биз ар дайым жардам берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Ошондой эле, Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы Бишкек шаарынын мэриясынын расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолоруңузду берсеңиз болот. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат

Шаар тургундарынын кайрылууларын 1840, 1850, 0 (312) 591802 номурлары аркылуу кабыл алабыз жана фото жана видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185.