Шаар өз ишин улантууда. Свердлов акимиаты “Чыгыш-5” кичи районундагы жөө жүргүнчүлөр зонасын жакшыртууда.

Сүрөткө түшкөндү жакшы көргөндөр үчүн биздин кичинекей Арбатта чоң LED экран, Эйфел мунарасы, Биг Бендин селфи макеттери жана британиялык телефон кабинасы орнотулду.

Ошондой эле смайликтер, фонтан менен айланган глобус жана өзүнчө фонтан орнотулат.

Кошумча көрктөндүрүү демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

Эске салсак, “Чыгыш-5” кичи районундагы жөө жүргүнчүлөр зонасын долбоорлоо жана куруу иштери 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи декадасында башталган.

1,43 гектар аянтты ээлеген Бишкек шаарынын кичи Арбат аймагын көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга муниципалитеттин бардык кызматтары катышты.