Урматтуу шаардыктар жана унаа ээлери!

Бизде кубанычтуу кабар, Шевченко көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери  толугу менен бүттү,  унаалардын өтүүсү үчүн эми жол  ачык.

Жол куруу иштеринин жүрүшүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери асфальттын эски катмарын сыйрып, люктарды көтөрүп, тазалап, жолго жаңы асфальт-бетон төшөштү.