Борбор калаада мектептер менен бала бакчалардын ишин жогорулатуу иштери улантылууда.

Аба-ырайынын жылышы менен “Жал” кичирайону, Курчатов көчөсүндөгү №72- мектептин жаңы окуу имаратынын курулушу башталды.

225 орундуу кошумча имарат курулуп бүттү, учурда жыйынтыктоо иштери жүрүп жатат. Курулушту "Монолит-Строй" компаниясы 37 миллион 176 миң 436 сомго жүргүзүүдө. Каражат коррупцияга каршы депозиттик эсептен бөлүнгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин эски жана жаңы имараттарын бириктире турган өткөөл галереяны долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялоодо.

Жумуштар 2021-жылга карата "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык пландаштырылган. Долбоорлоо иштеринин сметалык баасы 235 миң 19 сомду түздү, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Урматтуу катышуучулар! Сынактын кеңири маалыматы бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат:  www.zakupki.gov.kg