«Бишкекжылуулуктүйүнү»  ААК маалыматы боюнча 84%  медициналык мекемелерге, 94,5 % мектепке чейинки мекемелерге, 86,7 % мектептерге жана 94,4 % турак үйлөргө, 71,2% ведомстволук турак үйлөргө жылуулук берилди.


«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынан маалыматы боюнча 92% медициналык мекемелерге, 92% балдар бакчаларына, 97% мектептерге, 99% турак үйлөргө, 63% ЖОЖдорго жана 91% башка объектилерге жылуулук берилди.


«Жылуулук энерго оӊдоо» жылуулукка кошуу иштерин жүргүзүүдө.


Жылуулукту өчүрүүнүн жеке себептери жылуулук берилгенден кийин батирлердин жана жер төлөлөрдүн бузулушу, ошондой эле, жылуулук тармагындагы бузулуулар. Мындан тышкары, жылуулук киргизүүгө мүмкүн болбогон үйлөр.


Медициналык мекемелерге, мектептерге, бала бакчаларга жана шаар тургундарынын үйлөрүнө жылуулук берүү боюнча бардык маселелер менен WhatsApp колдонмосу аркылуу 0550312011 номуруна кайрылсаӊыздар болот.