Шаар өз ишин улантууда. Шаардыктарды келерки кышта жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында борбор калаанын мэриясы 2021-2022-жылдарга жылытуу мезгилине даярдык көрө баштады.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жылытуу мезгилинде өзүнүн буу казандарын жана жылуулук тармактарын кийинки жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планына ылайык оңдоо жүргүзүүдө.

Буу казандарын, көмөкчү жабдууларын (түтүн чыгуучу түтүктөр, желдеткичтер, жылуулук алмаштыргычтар, насостор, химиялык суу тазалоочу жабдуулар, электр жабдуулары, газ жабдуулары, приборлор) оңдоо каралган.

2,5 км эскилиги жеткен жылуулук тармактары алмаштырылат, жылуулук тармактарындагы жана буу казандарындагы өчүрүүчү арматура оңдолот. Мындан тышкары, буу казандардын имараттарын оңдоо пландаштырылууда.

Ошондой эле жергиликтүү көмүрдү сатып алууга 3,6 миң тонна көлөмүндө тендер жарыялоо пландаштырылууда.

Жалпысынан курулуш иштерине жана даярдык иштерине болжол менен 30 миллион сом шаардык бюджеттен каралган.