Бишкек шаарынын мэриясы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын үй-бүлөсүнүн, балдарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар!

Мария Айтматованын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жараткан жайын жаннаттан кылсын!