Шаар өз ишин улантууда. Район башчысынын биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков райондук кызматтар, аскер комиссариатынын жана МАБдардын өкүлдөрү менен пландуу жыйынын  өткөрдү.

Жумушсуз тургундарды жана альтернативдик кызматты каттоо маселелери каралды.

Райондун жумушсуздарды каттоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жыл башынан бери 107 жаран кесиптик билим алууга, 271 жашоочу жумушка орношууга, 60 жаран коомдук жумушка жөнөтүлгөн.

Район боюнча 1 миң 826 жумушсуз каттоодо турат.

Урматтуу шаардыктар, жумуш берүүчүлөр! Вакансияга жарнама жайгаштырууну кааласаңыз, анда аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматынын порталына жарыялай аласыз: http://zanyatost.kg/