17-18-апрель аралыгында бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  милдеттүү түрдө сактоо менен, Бишкек шаарынын стол тенниси боюнча ачык чемпионаты болуп өттү.

Мелдештер эркектер жана аялдар арасында, жеке жана жуптук түрүндө өткөрүлдү.

40 жаштан жогорку аялдар арасындагы жигердүү жана оор күрөштө байгелерди төмөнкүлөр алышты:

1. Стержинская Елена;
2. Джоробекова Арзыгүл;
3. Минозарова Анаркүл.

39 жашка чейинки теннисчилердин арасынан жеңишке жеткендер:
1.Айтбаева Айжан;
2. Козомкулова Азиза;
3. Саматова Айнура.

30 жашка чейинки спортчулардын арасында мыктылар төмөнкүлөр болду:

1. Аязбекова Нуркыз;
2. Абдимиталипова Рашида;
3. Өмүралиева Алтынай.

40 жаштан жогорку эркектер категориясында байгелерди төмөнкүлөр алышты:

1. Нуртай Курманалиев;
2. Мамыров Дизталы;
3. Корчагин Борис.

39 жашка чейинки курактагы категорияда жеңүүчүлөр болду:

1. Сапидинов Талгат;
2. Сагынбеков Талант;
3. Белоглазов Михаил.

30 жашка чейинки курак категориясы:
1. Култаев Руслан;
2. Кыдырбаев Азиз;
3. Мазенов Атаер.
Жуптук жарышта төмөнкү теннисчилер жеңишке жетишти:
1.Сагынбеков Талгат жана Кыдырбаев Азиз;
2. Сагынбеков Талант жана Михаил Белоглазов;
3. Курманалиев Нуртай жана Аязбекова Нуркыз.