Кыргызстан менен Индиянын аялдарынын биринчи эл аралык бизнес форумунун расмий ачылышы болду. Коопсуздук үчүн, жолугушуу онлайн режиминде өттү.

Форум Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин жана Индиянын соода-өнөр жай палаталары федерациясынын (FICCI) демилгесинин алкагында уюштурулган.

Борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева мындай туруктуу аялдар форумун түзүүнүн уникалдуулугун, ал эки мамлекеттин шаарларынын ортосунда ишкердик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тармактарды түзүү аянтчасы болорун белгиледи.

Форумдун алкагында Индиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясы (FICCI) менен Кыргызстан Аялдар Конгрессинин жана "Курак" аялдар форуму" коомдук бирикмесинин ортосунда эки меморандумга кол коюлду.

Индия тарап кыргыз тарап менен аялдардын ишкердүүлүгү жаатындагы долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу жана кеңири талкуулоо үчүн кызматташуу жаатында даярдыгын билдирди.