23-24-апрель күндөрү  "Шаардык муз тебүү аянтчасы" спорт-оюн-зоок комплексинде балдар жана жаштар арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаардык чемпионаты өтөт.

Мелдешке 40тан ашуун жаш спортчулар катышат - бул 18 жаштан жогорку балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Коньки тебүү федерациясы уюштурууда.