Бишкек шаарынын  мэриясы зордук-зомбулукка кабылган, кайыр сураган же жумушка мажбур болгон балдарды аныктоо үчүн жөө кыдырууларын улантууда.

Свердлов райондук акимиатынын кызматкерлери Ички иштер башкармалыгынын  жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү жана билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте рейддерди жүргүзүштү.

"Ак-Эммир", "Чынар", "Улар", "Таалай", "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина" базарларын, "Айчүрөк", "Дордой Плаза" соода борборлорун,   борбордук мечитти, Москва, Гоголь, Осмонкул көчөлөрүндөгү  мечиттерди, парктарды жана 25 тен ашык компьютердик клубдарды текшерип чыктык.

Жыйынтыгында 17 жашы жете элек балдары менен садака сураган жети аял аныкталды, анын ичинен бир бала балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоочу адистештирилген борборго жеткирилди.

Ошондой эле, 29 өспүрүм аныкталып, алардын 10у Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна, эки жашы жете элек балдар Айданек балдар үчүн реинтеграция борборуна жеткирилип, 17си ата-энелерине өткөрүлүп берилди жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттагы иштер ар дайым өткөрүлүп келет.

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сиз балдарды тарбиялоо, сактоо жана коопсуздугу үчүн жооптуусуз жана балдар эмгегин колдонууга тыюу салынат!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдардын зордук-зомбулугуна же кайыр сурагандыгына күбө болсоңуз, дароо ИИМ 102ге жана бизге, райондордогу үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө чалыңыздар:

• Октябрь району: 510375;
• Ленин району: 883899;
• Свердлов району: 530576;
• Биринчи май району: 670386.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.