Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбордун коноктору! Ушул дем алыш күндөрү биз сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл -чарба азык-түлүк жарманкесине чакырабыз.

Дыйкандар эртең мененки саат 10:00дон тартып  ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сунушташат.

Шаардыктар үчүн жарманкелер төмөнкү даректерде иштейт:

• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;

• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.

• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Баарыңыздарды күтөбүз!
Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Санитардык эрежелерди унутпаңыздар: бет кап, тазалоочу каражаттар жана аралык! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!