Шаар ишин улантууда. Борбор калаанын мэриясы 2021-жылга планга ылайык, мектептер менен бала бакчаларды иретке келтирүүдө.

Капиталдык курулуш департаменти  Билим берүү башкармалыгынын талабы боюнча, билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерине тендер жарыялайт.

№54, №69 жана №36 мектептеринин чатырын алмаштырып, №5 бала бакчанын балдар аянтчасын жаңыртууну пландап жатабыз. Оңдоо иштеринин баштапкы жалпы наркы болжол менен 5,6 миллион сомду түзөт, каражат шаардык бюджетте каралган.

Ошондой эле Капиталдык курулуш башкармалыгы "Газ шаарчасындагы" "Сетун" бала бакчасынын долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө (ИЗО) тендер жарыялайт. ИДПнын сметалык наркы 1 млн 192 миң 674 сомду түзөт, каржылоонун булагы шаардык бюджет.

Урматтуу катышуучулар! Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы кенен маалымат: www.zakupki.gov.kg