Бүгүн Бишкек шаарына Ош шаарынын жана Чүй облусунун шаарларынын мэрияларынан делегация келди.

Муниципалитеттин базасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн муниципалдык башкаруу тутумунда тажрыйба алмашуу аянтчасы түзүлдү.

Кесиптештерди шаар  мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов баштаган Бишкек шаардык мэриясынын жамааты тосуп алды.

Эки күндүк жумушчу жолугушууда шаардык кызматтардын презентациялары өткөрүлүп, биз көйгөйлүү маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашабыз.

Программага ылайык, бүгүн шаардык кызматтардын экономика, каржы жана инвестицияларды тартуу жаатында иш-аракеттери, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу ыкмалары, көмүскө экономиканы кандай аракеттер ачыкка чыгарганы, салык төлөөдөн баш тартуу схемаларындагы аракеттер / тоскоолдуктар жана башка көп суролор каралды.
Жер саясаты жана муниципалдык менчик кызматтарынын кызматкерлери жер реформасынын натыйжалары жөнүндө айтып берип, муниципалдык жерлерди жана объектилерди ижарага берүүнүн натыйжалуу ыкмаларын карап чыгышты,
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы кесиптештерине Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү жаатындагы жаңы багыттарын сунуштады.

Санарип технологиялар борборунун тобу шаар кызматтарын санариптештирүүнүн жүрүшү жөнүндө айтып беришти.
Иш жолугушуулар уланууда.

Белгилей кетсек, жолугушуунун Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирлиги уюштурду.