Мектептерде «Менин шаарым – менин сыймыгым», «Бишкек – келечектин шаары» темаларында класстык сааттар, «Бишкек шаарынын сонун кишилеринин өмүрү жана ишмердүүлүгү» аталышта суроо-жооп оюну жана «Сүйүктүү шаарым» сүрөттөр конкурсу уюштурулду.

Ошондой эле, башталгыч класстарынын окуучулары жана мугалимдери тарабынан «Менин Бишкегимдин көчөлөрү» сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Аталган көргөзмөдө «Ала-Тоо» аянты, мектеби жана сейил бактары тартылган.

Майрамдын урматына «Алтын-Бешик» конушунда өспүрүмдөр арасында кичи-футбол уюштурулду.

Мелдештин жыйынытыгында концерттик программа жана балдар үчүн  ар түрдүү оюндар тартууланды.